Биз менен байланышыңыз

ИИМ: түндө коменданттык саатты бузган 110 жаран кармалды

Кыска кабар | 30 Апр 2020 | 538 | 0

Түндө коменданттык сааттын шартын бузган 110 жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаары боюнча – 82, Жалал-Абад шаары боюнча – 2, Ош шаары боюнча — 3, Нарын шаары — 4, Ат-Башы району боюнча — 1, Сузак району боюнча — 8 тартип бузуу катталган. Ал эми Кара-Суу жана Сузак райондорунда тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3837 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди.

Ички иштер министрлиги жарандарды өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM