Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Жапыкеевдин билдирүүсү боюнча лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы чыкты

Кыска кабар | 26 мая 2020 | 920 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган арызына ылайык жарандык активист Сыймык Жапыкеевдин социалдык тармактардагы баракчасындагы билдирүүсү боюнча лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы чыгарган лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, Сыймык Жапыкеевдин билдирүүлөрүндө массалык акцияларга, жарандарга карата зомбулук көрсөтүүгө чакыруу, тактап айтканда, Жазык кодексинин 264-беренесинин 3-бөлүмүндө (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери бар экендиги аныкталган.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча кылмыш жасоого тиешеси бар бардык жарандарды тактоо жана аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Жарандык активист, өзүн «мурдагы прокуратура кызматкери» деп атаган Сыймык Жапыкеев, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин байлыгы тууралуу бир нече ирет видео кайрылууларды жасаган. Жапыкеев коррупцияга каршы күрөшүүнү көздөп, депутат Жумалиев байлыгын мамлекетти тоноо менен топтогонун айтып келет.

Ошол эле учурда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүнө карата сотко чейинки тергөө ишин 12-майда баштаганын билдирген.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «мыйзамсыз баюу» жана «кызмат адамынын ишкердик ишине мыйзамсыз катышуу» беренелери боюнча катталган. Анын негизинде Финполиция сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.

Учурда аталган соттук териштирүүнүн алкагында депутаттын мыйзамсыз баюу фактыларын аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM