Биз менен байланышыңыз

ИИМ: 29-апрелге карата коменданттык саатты бузган 73 жаран кармалды

Кыска кабар | 29 Апр 2020 | 558 | 0

Түндө коменданттык сааттын шартын бузган 73 жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча – 47, Жалал-Абад шаары боюнча – 2, Ош шаары боюнча — 12, Нарын шаары — 6, Ат-Башы району боюнча — 2, Сузак району боюнча — 4 жаран кармалган. Ал эми Кара-Суу жана Сузак райондорунда тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3727 жаран коменданттык саатты бузгандыгы үчүн милициянын кайгуул тобу тарабынан кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи ирет кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди.

Ички иштер министрлиги жарандарды өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.

Белгилей кетсек, эпидемиологиялык кырдаалдан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылмай болду. Мындай чечим күн мурун, 28-апрелде, президент Сооронбай Жээнбеков өткөргөн Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM