Биз менен байланышыңыз

Башкы прокурор Сыймык Жапыкеевдин кызматтан кетүү арызын кабыл алды

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 527 | 0

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеевдин кызматтан кетүү арызын кабыл алды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Буга чейин Жапыкеев кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын маалымдаган. Жапыкеев ага карата эч кандай кысым болбогонун, кызматтан ден соолугуна көбүрөөк убакыт бөлүү үчүн кетип жатканын айткан. Ошондой эле оппозицияга барууну көздөбөй турганын, себеби саясатчы эмес экенин билдирген.

Эскерте кетсек, Сыймык Жапыкеев өткөн жылдын 17-октябрында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп дайындалган. Ал эми аталган кызматтан ушул жылдын 5-мартында кеткен. Ошол эле күнү аталган кызмат да жоюлган. Жапыкеевге кызматтагы жетишкендиктери үчүн генерал-майор аскердик чини да ыйгарылган.

Ал Ысык-Көл облусунун прокурору болуп үстүбүздөгү жылдын 30-мартында дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM