Биз менен байланышыңыз

1-майдан тарта уруксат берилген ишкердиктин түрлөрү (тизме)

Кыска кабар | 28 Апр 2020 | 4839 | 0

1-майдан баштап өзгөчө абал режими кирген аймактарда төмөнкү багыттагы ишмердүүлүктөрдүн иштөөсүнө уруксат берилет. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Азык-түлүк жана өндүрүш:

-энергетикалык, химиялык жана мунай-газ өндүрүштөрүнө;

-Машина куруу, электр-техникалык, тетик чыгаруу тармагына;

-тоо-кен иштетүүгө, түстүү жана кара металлургияга;

-текстиль, булгары жана бут кийим өндүрүшүнө;

-эмерек жасоого;

-курулуш материалдарын чыгарууга жана башка өндүрүштөрдүн түрлөрүнө;

Курулуш тармагы боюнча:

-Курулуш обьектилерине;

-Ирригация, ичүүчү суу менен камсыздоо, канал, жол жана көпүрө куруу багытындагы иштерге;

Транспорт каражаттарын тейлөөгө жана оңдоого, аны менен бирге май алмаштырууга, сырдоо жана башка техникалык кызмат көрсөтүүгө, дөңгөлөктөрдү желимдөөчү жайлардын иштешине;

-Унаа жууган жайларга жана химиялык тазалоого;

-Мамлекеттик жана жеке нотариустарга;

Соода тармагы боюнча:

-Интернет дүкөндөрүнө, анын ичинде жеткирип берүү кызматына;

Курулуш материалдарын дүңүнөн сатуу жана жеткирүүгө;

-Кездеме жана фурнитуралык каражаттарды дүңүнөн саткан жайларга;

-Унаа жана велосипед тетиктерин саткан дүкөндөргө;

-Чачтарачканаларга;

-Такси кызматына; (2ден ашык жүргүнчү ташыбоо шарты менен)

 

Copyright © 2017 Maral FM