Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда коронавирусту жуктургандар 133кө жетсе, 7 бейтап айыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Мар 2020 | 574 | 0
Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алган 7 бейтап толугу менен айыкты. Бул тууралуу өлкөнүн санитардык-эпидемологиялык көзөмөл мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Нурмат Отабеков маалымдады.

«Бүгүнкү күндө 7 адам толугу менен айыкты, алар реабилитациялык борборго которулат»,- деди Отабеков.

29-мартка карата Өзбекстанда коронавирус жуктургандар 29 адамга көбөйүп, бейтаптардын жалпы саны 133 адамга жетти. Вирустук инфекцияны жуктургандардын арасында медицина кызматкерлери да бар экендиги айтылган.

Коронавирус жуктурган 19 жарандан пневмония (өпкөнүн сезгениши) аныкталган. Ошондой эле 4 бейтаптын абалы оор, 4 адамдын абалы салыштырмалуу оор.

Өзбекстанда коронавирус инфекциясынын кесепетинен 2 адам каза болду. Алардын бири 72 жаштагы жаран, экинчиси 39 жаштагы дарыгер болгон.


Өзбекстанда 11 медицина кызматкери COVID-19ду жуктурган


Мирзиёев: Коронавирус жуктуруп алган ар бир дарыгерге 10 миң доллар жөлөкпул берилет

Copyright © 2017 Maral FM