Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев: Коронавирус жуктуруп алган ар бир дарыгерге 10 миң доллар жөлөкпул берилет

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Мар 2020 | 2932 | 0

Өзбекстан  бийлиги бейтаптарды эмдөө учурунда COVID-19 коронавирусун жуктурган медицина кызматкерлерине 10,4 миң доллар (100 млн сум) өлчөмүндө жөлөкпул төлөйт. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев жыйын учурунда айткан.

Жыйында Мирзиёев бейтаптарды эмдөө учурунда COVID-19 коронавирусун жуктурган медицина кызматкерлерине 10,4 миң доллар (100 млн сум) өлчөмүндө жөлөкпул төлөнөрүн, ал эми ден-соолугун калыбына келтире албаган кызматкерлерге 26 миң доллар кенемте төлөнөрүн кошумчалаган.

Учурда коңшу Өзбекстанда 11 медицина кызматкери коронавируска кабылган. Алар вирусологиялык илимий-изилдөө институтунун кызматкерлери. Өлкө боюнча вирус жуктургандардын жалпы саны — 75 адам.

Президенттин айтымында, өлкөдөгү медициналык жайлар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Пандемия менен күрөшүүгө 100 миңден ашык медицина кызматкери тартылган.

Коронавирус: Казакстанда алгачкы бейтап каза болду

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM