Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Казакстанда алгачкы бейтап каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Мар 2020 | 730 | 0

Казакстандын Нур-Султан шаарында коронавирустан улам адам каза болгон алгачкы учур катталды. Бул тууралуу Казакстандын маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаевге билдирди.

Анын айтымында, эртеӊ, 27-мартта Нур-Султан шаарынын саламаттыкты сактоо башкармалыгы каза болгон жаран тууралуу толук маалымат бермекчи.

Бүгүн, 26-мартта саат 22:20га карата Казакстанда дагы 3 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталган.

Алардын экөөсү Карагандада, бирөө Жамбыл облусунда катталган. Бүгүнкү күндө Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 112 адамга жетти.

Алардын ичинен:

— 61 адам Нур-Султанда;

— 40 адам Алматыда;

— 4 адам Карагандада;

— 1 адам Алматы облусунда;

— 1 адам Ак-Төбө облусунда;

— 2 адам Шымкент шаарында;

— 2 адам Жамбыл облусунда;

— 1 адам Түндүк Казакстанда.

Коронавирус илдети чыккандан бери дүйнө боюнча 500800 адам вирус менен катталды. Анын 22 миңден ашыгы каза болсо, 113 500дөй бейтап эмделип, илдеттен айыккан.

Өзбекстанда 11 медицина кызматкери COVID-19ду жуктурган

Copyright © 2017 Maral FM