Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда 11 медицина кызматкери COVID-19ду жуктурган

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Мар 2020 | 2696 | 0

Өзбекстанда 11 медицина кызматкери коронавируска кабылган. Өлкө боюнча вирус жуктургандардын жалпы саны 75 адам. Мындай маалыматты 26-мартта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев коронавируска каршы күрөшүү боюнча өткөн видеожыйында билдирди.

Анын айтымында, вирусологиялык илимий-изилдөө институтунун 11 кызматкери коронавирусту жуктурган.

Жыйында Мирзиёев, бейтаптарды эмдөө учурунда COVID-19 коронавирусун жуктурган медицина кызматкерлерине 10,4 миң доллар (100 млн сум) өлчөмүндө жөлөк пул төлөнөрүн айтты. Ал эми ден-соолугун калыбына келтире албаган кызматкерлерге 26 миң доллар төлөнөрүн кошумчалады.

Президенттин айтымында, өлкөдөгү медициналык жайлар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Пандемия менен күрөшүүгө 100 миңден ашык медицина кызматкери тартылган.

Коронавирус илдети чыккандан бери дүйнө боюнча 500800 адам вирус менен катталды. Анын 22 миңден ашыгы каза болсо, 113 500дөй бейтап эмделип, илдеттен айыккан.

Коронавирус: Казакстанда алгачкы бейтап каза болду

Copyright © 2017 Maral FM