Биз менен байланышыңыз

28-март: Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок

Кыска кабар | 28 Мар 2020 | 1038 | 0

2020-жылдын 28-марты саат 14:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учурлары катталган жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министрлигинини штабынын башчысы Касымбек Мамбетов билдирди.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 58 учуру аныкталган. Алардын арасында 1 жашка чыга элек наристе жана 86 жашка чейинки жарандар бар. Учурда реанимацияда 2 жаран жатат. Алардын абалдары туруктуу.

Кыргызстанда коронавирус алгачкы жолу 18-мартта аныкталган. Ал эми чет өлкөлөрдө 5 кыргызстандык жарандан коронавирус табылды.


Уханда жай турмуш калыбына түшүп келе жатат

 

Copyright © 2017 Maral FM