Биз менен байланышыңыз

Уханда жай турмуш калыбына түшүп келе жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Мар 2020 | 757 | 0

Коронавирустун дүйнөгө таралышынын очогу болгон Кытайдын Ухань шаарында 28-мартта кадимки жай турмуш калыбына түшүп келе жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Учурда бийлик локдаунду алып салды, бирок шаар тургундарын коомдук унаалардын кызматын зарыл учурларда гана колдонууга чакырды. Ошондой эле бир катар ишканалар да ишин калыбына келтире баштады.

Кытай коронавирус менен кантип күрөштү? (артыкчылыктары жана кемчиликтери)

Кытай бийлиги 27-мартта өлкө боюнча коронавирус жуктуруп алган 54 жаңы учур тууралуу билдирди. Алардын маалыматында, кеп чет өлкөдөн алынып келген инфекция тууралуу болуп жатат. Кечээ күндүз Кытайда SARS-CoV-2 коронавирусун жуктуруп алган 55 жаңы учур катталган эле.

 

Copyright © 2017 Maral FM