Жаңы коронавирустун бүткүл дүйнөгө таралышынын алдын алуу боюнча Кытайдын тажрыйбасын билүү көпчүлүккө кызык болуш керек. Кытай вирус менен күрөшүү жаатында негизги басымды катаал изоляцияга койгон. Башка өлкөлөр да Кытайдын мисалында өз аймагында жарандардын кыймылын чектеп, сырттан келген туристтердин кирүүсүнө тыюу салган.
Январь айынын ортосунда кытай бийлиги эпидемияны тосуу үчүн Ухань шаары жана Хубей провинциясынын 60 миллион калкы бар 15 шаары менен болгон транспорттук байланышты жаап салган. Авиарейстер, темир жол каттамдары жана автоунаа жолдору токтотулган.
Мындан соң, Кытайдын шаарларында жарандардын үйдөн чыгуусуна тыюу салынып, көчөгө азык-түлүк сатып алууга жана врачка көрүнүү үчүн гана чыгууга уруксат берилген. «Нью-Йорк Таймс» гезитинин маалыматына караганда, үй карантининде дээрлик 760 миллион адам кармалган. Бул өлкө калкынын жарымы дегенди билдирет.
Кытайда бул тартиптин киргизилгенине эки ай өтсө да, киргизилген эрежелердин айрымдары дагы деле күчүндө. Эпидемия алгач башталган учурда күнүнө миндеген адамдар вируска чалдыкса, учурда вируска кабылгандардын саны 20дан ашпай калды. Мындай катаал чектөөлөр өз жемишин берип, өлкөдө вирус менен күрөшүү ийгиликтүү улантылды, деп эсептейт окумуштуу инфекционист Майкл Остерхольм.
Өткөн айдагы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун докладында Кытайдын Саламаттык сактоо тармагы оору менен эффективдүү күрөшкөндүгү үчүн, анын алдын алуу боюнча уникалдуу чараларды көргөндүгү үчүн мактоого татыган.
Кытайдын вирус менен күрөшүүдөгү тажрыйбасын оорунун алгачкы эпкини каптаган өлкөлөрдүн бийлиги жана жарандары жакшы билиши керек. Бул вирус менен күрөшүүгө мезгил келип жеткен Кыргызстанга жана анын жарандары үчүн да абдан маанилүү.
Катаал изоляцияга киргенден кийин эмне болду?
Окумуштуулар вирусту жуктурган адам эки же андан ашык адамга жуктурганын аныкташкан. Бул өз учурунда коронавирустун тездик менен таралышына өбөлгө түзгөн. Оорунун таркалышынын алгачкы божомолдоруна ылайык, SARS-CoV2 вирусу менен кытай калкынын 40% ооруга чалдыга тургандыгы аныкталган. Бул 500 миллион адам дегенди билдирет.
16-30 январдын аралыгында, бул изоляциянын алгачкы жети күнүндө вирустун таралышы 1, 05ке азайган. “Чынында, бул таң каларлык”,- деп эсептейт Лондон гигиеналык жана тропикалык медицинасы мектебинин адиси Адам Кучарски.
Кытайда вирустун таралышы боюнча жаңы окуялардын катталышы өзүнүн апогейине 25-январда жеткен. Бул Ухань шаары толугу менен изоляция болгондон эки күндөн кийин болгон.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунунун билдиргенине караганда, 16-мартта Кытайда коронавируска чалдыккан 81 миң учур катталган. Кээ бир окумуштуулардын айтымында, кээ бир учурда оору катталган эмес. Вируска чалдыккандардын симптомдору, белгилери өтө оор болбогондуктан, медициналык жардам сурап кайрылышкан эмес. Ушундан улам анализдери да тапшырылган эмес.
Кытай көргөн чаралар эффективдүү боло алдыбы?
Эпидемиологдордун айтымында, Кытай бийлиги гиганттык масштабда көргөн алдын алуу чараларында бир кемчилик болгон. Алар эпидемия менен күрөшүүнү кечирээк баштап калышкан. Вирустун таралышынын декабрь-январь айларынын алгачкы жумаларында Ухань бийлиги убакытты чоюп, сырдуу инфекция тууралуу маалыматтарды кечеңдетишкен. Ушул себептүү оору менен күрөшүү создугуп кеткен, деп билдирет Мичиган университетинин доктору Говард Маркел. Анын айтымында, Кытай инфекция пайда болгондо дароо чара көрбөгөндүктөн, вирус бүткүл дүйнөгө тарап кеткен.
Эгерде Кытай вирустун таралышы боюнча бир жума мурун алдын алуу чараларын көрүп баштаганда, 67% учурду токтотуп калууга мүмкүн болот эле. Эгерде 3 жума мурун вирустун алдын алганда жалпы сандан 5% гана вирус менен катталган учурлар болмок.
Ал эми токтоосуз чара көргөн Кытайдын башка шаарлары вирус менен күрөшүүнүн эффективдүү ыкмаларын пайдаланышкан. Кытайдын 296 шаарында, калк жайгашкан пункттарда вирус аныкталганга чейин коомдук транспорттук каттамдар токтотулуп, көңүл ачуучу мекемелердин бардыгы жабылган. Ошондой эле, массалык иш-чаралар токтотулганына байланыштуу вирустун таркалышы 37% кыскарган.
Башка өлкөлөр Кытайдан кандай сабак алышы керек?
Кытайда эл аралык байланышта болгон адамдар сөзсүз текшерилип, инфекциянын жанданган борборлору изоляцияга алынган. Бул жол вирустун таралуусун 67 эсеге токтоткон. Эгерде бул иш-чаралар кылынбаганда, учурда 8 миллион адам вирустун кесепетинен оо дүйнөгө аттанмак, деп эсептешет эксперттер.
Адамдардын өз ара байланышы азайышы керек. Адамдардын башка жактарга баруусу чектелиши керек. Кытайдын “Байду” интернет-гигантынын изилдөөлөрүндө мобилдик телефондордун сигналдарына караганда, адамдардын башка жактарга жылуулары азайганда вирусту жуктургандардын саны кескин кыскарган.
Эгерде приоритеттерди тактап ала турган болсок, эң алгачкы маселе диагностикага жана изоляцияга барып такалат. Эгерде Кытайда бул иш-чаралар кылынбаганда, февралдын аягына салыштырмалуу Кытайда вирус 5 эсеге көбүрөөк таркамак.
Кытайда COVID вирусунун таралышы азайды деп айтканга болобу?
Кытайда COVID-19 оорусу катталган жаңы учурлар азайды. Бирок кытайлыктардын вирустун таркалышы мындан да күчөп кетет деген кооптонуулары бар. Эми ал Кытайга башка өлкөлөрдөн кайрылып келиши мүмкүн. Анткен менен Кытай бир катар коопсуздук чараларын көргөндүгү үчүн оорунун алдын алып жатат.