Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков менен Мирзиёев коронавируска каршы күрөшүү маселесин талкуулады

Кыска кабар | 28 Мар 2020 | 1693 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө тууралуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын пресс-кызматы кабарлады.

Маек учурунда мамлекет башчылары соода-экономикалык чөйрөдөгү эки тараптуу өз ара кызматташууну тереңдетүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле региондо коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө маселелери козголду.

Белгилей кетсек, 28 мартка карата коронавирус боюнча Кыргызстанда 58, Өзбекстанда 88 жагдай аныкталган.


27-март: Дагы 14 жарандан коронавирус аныкталды, жалпы 58ге жетти


Мирзиёев: Коронавирус жуктуруп алган ар бир дарыгерге 10 миң доллар жөлөкпул берилет

Copyright © 2017 Maral FM