Биз менен байланышыңыз

АКШда карантинге алынган 2 кыргыз жаранынын анализдери таза чыкты

Кыска кабар | 27 Мар 2020 | 842 | 0

АКШда коронавируска байланыштуу карантинге алынган эки кыргыз жаранынын анализи таза чыгып, үйлөрүнө коё берилди. Бул тууралуу 27-мартта Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилиги кабарлады.

Элчилик билдиргендей, Калифорния штатынын жээгинде карантинге кармалган «Grand Princess» круиздик кемесинин бортунда жүргөн Кыргызстандын эки жараны менен 5-марттан бери тыгыз байланыш болуп турган.

Кеме карантинге кармалгандан кийин жүргүнчүлөр Жоржия штатында жайгашкан карантиндик борборго көчүрүлгөн.

Бир нече жолу өткөрүлгөн тесттин натыйжасында карантиндик борбордун медициналык кызматкерлери кыргыз жарандарында коронавирус инфекциясы жоктугун тастыктаганы айтылды.

АКШда коронавирусту жуктуруп алгандар 26-мартта 85 миң кишиге жетип, дүйнө жүзүндө вируска кабылгандардын саны боюнча биринчи орунга чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM