Биз менен байланышыңыз

Казакстанда коронавирус жуктургандар 109га жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Мар 2020 | 1091 | 0

Казакстанда коронавирус боюнча жалпы 109 жагдай катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Казакстанда саат 16:20га карата дагы 12 коронавирус жуктурган учур аныкталган. Жаңы катталган бейтаптардын алтоо Нур-Султан шаарында, алтоо Алматы шаарында.
Муну менен Казакстандагы жалпы бейтаптардын саны 109 адамга жетти.

Алардын ичинен:

— 61 адам Нур-Султан шаарында;

— 40 адам Алматы шаарында;

— 2 адам Карагандада;

— 1 адам Алматы облусунда;

— 1 адам Ак-Төбө облусунда;

— 2 адам Шымкент шаарында;

— 1 адам Жамбыл облусунда;

— 1 адам Түндүк Казакстанда.

Казакстанда өзгөчө абал режиминин эрежесин бузган 64 адам камалды. Баары болуп 313 факты аныкталган, анын ичинен 94 адам жоопкерчиликке тартылып, анын ичинен 64ү камалды. Аларга 4000 сом тегерегинде айыппул салынышы же 15 күнгө камалышы күтүлөт.


Коронавирус: Борбор Азияда абал кандай?


Өзбекстанда коронавирусту жуктургандардын саны 60ка жетти. 25-март күнү аталган өлкөдө вируска кабылгандардын саны 10 адамга көбөйгөн.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, вирус 197 өлкөгө жайылган.  414 миңден ашык, 113 миңден ашыгы айыккан.


Орусияда коронавирустан 2 адам каза болсо, жуктургандардын саны 666га жетти

Copyright © 2017 Maral FM