Биз менен байланышыңыз

Орусияда коронавирустан 2 адам каза болсо, жуктургандардын саны 666га жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Мар 2020 | 756 | 0

Орусиянын Москва шаарында коронавирус жуктурган 2 бейтап каза болду. Бул тууралуу Орусиянын басылмалары жазды.

Каза болгон бейтаптар 88 жана 73 жашта болчу. Алардын өпкөсү сезгенип, оору өтүшүп кеткен.

Орусияда вирус жуктургандардын жалпы саны 666га жетти. Каза болгондор 2, айыккандар 36 киши.

Дүйнө жүзүндө коронавирус жуктургандардын саны 475 миң адамдан ашып, анын ичинен 21 миңдей бейтап каза болсо, 110 миңден ашыгы эмделип, илдеттен айыккан.


Казакстанда 2 жаран коронавирустан айыкты

Copyright © 2017 Maral FM