Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Борбор Азияда абал кандай?

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Мар 2020 | 2429 | 0

Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан , Казакстан жана Өзбекстанда COVID-19 коронавирусу катталган.

Кыргызстанда жалпы 44 жагдай катталган.

18-марттан 25-март аралыгында өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 44 учуру аныкталган, алардын ичинен:
-Ош облусунда – 20 учур;
Жалал-Абад облусунда – 19 учур;
-Бишкек ш. – 3 учур;
-Чүй облусунда – 1 учур;
Баткен облусунда – 1 учур.

Бүгүн, 26-мартта саат 08:05ке карата Казакстанда дагы 5 адамдан коронавирус аныкталды. Саат 08:25ке карата дагы 2 бейтап катталган. Бул маалыматты өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы катталган бейтаптардын ичинен бешөө Нур-Султан шаарында болсо, экөө Алматы шаарында.
Муну менен Казакстандагы жалпы бейтаптардын саны 88 адамга жетти.

Алардын ичинен:

— 46 адам Нур-Султанда;

— 34 адам Алматыда;

— 2 адам Карагандада;

— 1 адам Алматы облусунда;

— 1 адам Ак-Төбө облусунда;

— 2 адам Шымкент шаарында;

— 1 адам Жамбыл облусунда;

— 1 адам Түндүк Казакстанда.

Казакстанда өзгөчө абал режиминин эрежесин бузган 64 адам камалды. Баары болуп 313 факты аныкталган, анын ичинен 94 адам жоопкерчиликке тартылып, анын ичинен 64ү камалды. Аларга 4000 сом тегерегинде айыппул салынышы же 15 күнгө камалышы күтүлөт.

Өзбекстанда коронавирусту жуктургандардын саны 60ка жетти. 25-март күнү аталган өлкөдө вируска кабылгандардын саны 10 адамга көбөйгөн.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, вирус 197 өлкөгө жайылган.  414 миңден ашык, 113 миңден ашыгы айыккан.


Орусияда коронавирустан 2 адам каза болсо, жуктургандардын саны 666га жетти

Copyright © 2017 Maral FM