Бишкек – Ош унаа жолундагы «Сосновка» бекетинен оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн, 10- ноябрда алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
«Жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу, кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Жайыл районунун «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө кечээ, 9-ноябрда саат 17:15тен тартып убактылуу чектөө киргизилди. Бүгүн 10- ноябрда эртең менен киргизилген убактылуу чектөө алынды».
Буга чейин Бишкек – Ош жолундагы посттордон автоунаасынын жайкы дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырбай жүргөн айдоочулар өткөрүлбөй тургандыгы атылган.