Connect with us

Бишкек – Ош унаа жолу убактылуу жабылды

Кыска кабар | 8 Ноя 2024 | 208 | 0

Бүгүн эртең менен саат 09:10 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 127-чакырымына (Төө-Ашуу) кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, учурда №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүрүүдө.

«Көчкүнүн көлөмү 800 м3 түзөт. 2 даана автогрейдер, 2 даана жүктөгүч атайын техникасы иштеп жатат. Каттам убактылуу жабык», — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM