Connect with us

Жумгалда жолголгон ата-баланы издөө уланууда

Кыска кабар | 10 Ноя 2024 | 181 | 0

Нарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

«Издөөнү координациялоо максатында ӨКМдин Жумгал райондук №43 ӨКБдан 5 куткаруучу, ИИМден 7 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам жалпы 22 адам чыкты. 1 дрон, 4 рация, 2 дүрбү жана 1 куткаруу унаасы тартылды. Издөө иштери Өрнөк айылынын этегинен баштап, аскер көпүрөсүнө чейин  жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Өрнөк айылында 16-октябрь күнү ата-бала мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат ӨКМге 19-октябрда түшкөн. Ошондон бери алар изделип жатат.

Президент Садыр Жапаров окуяга реакция кылып, издөөнү күчөтүүнү тапшырган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM