Бүгүн, 10- ноябрда Каракол шаардык автобекетинен Бишкекке жүздөй жаран автобус жана маршруттук кичи автобус жоктугунан кете албай турат. Бул тууралуу «Маралга» жеринде жүргөн жарандар кабарлады.
Алардын айтымында, бүгүн эртеден бери Каракол- Бишкек багыты боюнча каттам жүрбөй жатат. Учурда Каракол автобекетинде жүздөй жаран Бишкекке кете албай турат. Ал эми таксинин баасы миң сомдон бир жарым миңге көтөрүлгөн, бирок ага да такси жок болуп жатат.
Автобекеттин кассасы Бишкекке каттам болорун, бирок канча убакыттан кийин экендигин айткан эмес. Билеттер автобус келгенде гана сатылаарын айткан.
Кассада Каракол- Бишкек багыты боюнча жол акы 500 сомдон.