Биз менен байланышыңыз

Пандемия хроникасы: Испанияда коронавирустун курмандыктары Кытайдан ашып өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Мар 2020 | 1797 | 0

Дүйнө SARS-CoV-2 коронавирусунун жайылышы менен күрөшүп келет. Пневмонияны козгоочу SARS-CoV-2 коронавирусу менен дүйнөдө 469 миң адам өмүр үчүн күрөшүп жаткан кези.

Дүйнөдө SARS-CoV-2 коронавирусу жуктуруп алган адамдардын саны барган сайын  көбөйүүдө. Эл аралык Worldometer волонтерлор тобунун айтымына караганда, учурда вирус 198 өлкөнүн аймагында жайылууда. COVID-19 пневмония козгогучу 469 миң адамга жугуп, мунун кесепетинен 21 миңден ашуун адам өмүлөрү менен кош айтышты. Ал эми илдеттен 114 миң адам айыгып кетти. Бардыгынан көп жабыр тарткан Италия болду. Германияда болсо, социалдык контакттарды максималдуу түрдө чектей турган катаал чаралар киргизилди.

АКШда коронавирустан өлгөндөрдүн саны миң кишиден ашты. Өлкө боюнча 70 миң киши вирусту жуктурган. Акыркы эки сутканын ичинде эле ооруну жугузуп алган 13 миң жаңы учур катталган.

Финляндиянын борбору Хельсинки 27 марттан тартып коронавирустан коргонуу үчүн кирген-кеткендер үчүн эшиктерин жабат. Башка жактан келаткан Хельсинкинин жашоочулары үчүн гана кирүүгө уруксат берилет. Ошондой эле, туугандарын акыркы сапарга узатуу үчүн келген жана башка олуттуу себептер менен гана келгендер үчүн эшиктер ачык болот. Финляндияда 500дөн ашык учур борбор шаарга жакын Уусимаа провинциясында катталган.

Ал эми Испанияда өзгөчө абал эки жумага, башкача айтканда, 11-апрелге чейин узартылды. Испанияда вирустун кесепетинен 3640 адам каза болду. Италиядан кийинки өлүмдүн саны боюнча Испания Кытайды ашып өткөн экинчи өлкө болду.

Copyright © 2017 Maral FM