Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Куралдуу күчтөргө аскерге чакыруу убактылуу токтотулду

Кыска кабар | 24 Мар 2020 | 578 | 0

Кыргызстанда коронавирус пандемиясына байланыштуу аскерге чакыруу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Райымбек Дүйшөмбиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Биз Куралдуу күчтөрдүн катарына аскерге чакыруу, жазгы аскерге чакырууну убактылуу токтоттук. Мобилизация азырынча жарыялана элек, — деди Генералдык штаб башчысы Райымбек Дүйшөмбиев.

Кыргызстанда соңку маалыматтар боюнча коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 42ге жетти.

Президент эртең, 25-марттан тарта Бишкек шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарынын бир катар райондорунда өзгөчө абал киргизүү чечимин кабыл алды.

Copyright © 2017 Maral FM