Биз менен байланышыңыз

Аскерге чакырылгандар коронавируска милдеттүү түрдө текшерилет

Кыска кабар | 13 мая 2020 | 431 | 0

Кыргызстанда аскерге чакырылган ар бир аскер улан милдеттүү түрдө коронавируска текшерилет. Бул тууралуу Кыргызстандын коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өзгөчө абал алынгандан кийин 12-майда аскерге чакырылгандарды аскер бөлүктөрүнө жөнөтүү иштери башталган.

Аскерге чакырылып, аскер бөлүктөрүнө жөнөтүүдө аскерге чакырылгандарга беткап жана антисептиктер берилүүдө. Аскерге чакырылган ар бир аскер улан милдеттүү түрдө коронавируска текшерилет. Алар аскердик кызматын өтөө жерине баргандан кийин 14 күндүк карантинге алынат. Аскер бөлүгүнө жөнөтүү жана ант берүү салтанаттары аскерге чакырылгандардын жакын туугандарынын катышуусусуз өтөт, — деп айтылат маалыматта.

Комитеттен белгилешкендей, аскер комиссариаттары санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу менен иштешүүдө. Комиссариаттарда жана анын аймагында күн сайын дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп турат.

Copyright © 2017 Maral FM