Connect with us

Армияга жазгы чакыруу башталды

Кыска кабар | 11 Мар 2022 | 372 | 0

1-марттан тарта Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөөгө жазгы чакыруу башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18 жашка чыккан жарандар аскер комиссариаттары менен биргеликте аскердик каттоодон, медициналык кароодон өтүштү.

Буга чейин аскердик жана альтернативдик кызматка чакырылууга тийиш болгон жарандарга изилдөө жүргүзүлдү.

Республиканын жыйын пункттарында аскерге чакырылуучуларды салтанаттуу узатуу аземи бекитилген график боюнча жүргүзүлөт. Алар андан ары мөөнөттүү кызмат өтөй турган бөлүктөргө жиберилет.

Аскерге чакырылгандар Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кошуундарында жана бөлүктөрүндө кызмат өтөйт.

Copyright © 2017 Maral FM