Биз менен байланышыңыз

Президент аскерге чакыруу боюнча жарлык чыгарды

Кыска кабар | 5 Авг 2019 | 690 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын сентябрь-ноябрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкта өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу да камтылган.

Чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, аскердик кызмат өтөөгө жарамдуу эркек жарандар мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакырылат.

Жарлыкта Өкмөткө мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларын, альтернативдик кызматтын кызматчыларын бошотуу мөөнөтүн жана жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакыруу тартибин аныктоо милдети тапшырылган.

Copyright © 2017 Maral FM