Биз менен байланышыңыз

Аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу токтотулду

Кыска кабар | 6 Апр 2020 | 908 | 0

Запаска бошотуу жана жазгы мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу токтотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2020-жылдын март–майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө» жарлыгынын колдонулушун токтото туруу жөнүндө жарлыкка кол койду.

Чечим айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу жана Куралдуу күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарында инфекциялык ооруулардын жайылышын болтурбоо максатында кабыл алынган.

Өкмөткө өз чечимдерин Жарлыкка ылайык келтирүүсү сунушталат.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн артып күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM