Connect with us

Эпидемия менен күрөшүү үчүн Орусия Италияга жардам колун созду

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Мар 2020 | 658 | 0

Орусия федерациясынын дагы үч аскердик-космостук күчтөрүнүн транспорттук учактары Италиянын Практика-ди-Маре аскердик аэродромуна келип конду. Учактар орустардын аскер адистерин жана коронавируска каршы күрөшүү үчүн каражаттарды жеткиришти. Бул — кечеги күнкү эсепти улантканда 12-,13-, 14-жардам алып келген учактар. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.

Ведомствонун берген маалыматына караганда, Ил-76 учактары менен Италиянын Практика-и-Мари Аскердик аба күчтөрүнүн аэропортуна дезинфекциялоочу иш-чараларды ишке ашыруучу атайын жабдуулар жана диагностикалоочу каражаттар жеткирилди.

Аскердик ведомство Италияга коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн зарыл болгон жабдууларды  жана аскер кызматкерлерин кечээтен бери утуру-утуру жөнөтүп жатат.

Мындан мурдараак Чкалов аэропортунан тогуз Ил-76 учагы менен түрдүү жабдуулар менен камсыз болгон атайын адистерден жана аскерлерден турган топ Италияга учуп келип конушкан.

Практика-ди-Маре аэропортуна жалпы жонунан 100 аскер кызматкерлери, вирусологдор жана эпидемиологдор, ошондой эле медиктердин мобилдүү отряды атайын жабдуулары менен жеткирилген. Италиялык тарап менен сүйлөшүлгөндөн кийин адистер өз милдеттерин аткарууга киришет.

Эскерте кетсек, өткөн ишемби күнү Орусия президенти Владимир Путин Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эпидемия менен күрөшүү үчүн оперативдүү жардам берүүгө даяр экендигин билдирген.

 

.

 

Copyright © 2017 Maral FM