Connect with us

Пакистанда кыргыз жарандары коронавируска кабылганы боюнча маалымат текшерилип жатат

Кыска кабар | 23 Мар 2020 | 905 | 0

Пакистанда коронавирус илдетин жуктурду деп катталган Кыргызстандын жарандары тууралуу маалымат текшерилип жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова Өкмөттө өткөн брифингде айтты.

Министрлик бул боюнча Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмуна кайрылып, бул маалыматты тактап берүүнү өтүнүшкөн.

Ооба, бул боюнча маалымат айтылып жатат. Биз Тышкы иштер министрлиги менен Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмуна маалыматты тактап берүүнү өтүнүп кайрылдык. Бул такталып жатат. Маалымат такталгандан кийин биз расмий түрдө коомчулукка жарыялайбыз, — деди Айнура Акматова.

Соңку маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавируска кабылган жаңы учур жок. Учурда 14 саны менен чектелип турат. Алардын алтоо — эркек, сегизи — аял кишилер.

Copyright © 2017 Maral FM