Биз менен байланышыңыз

Акматова: COVID-19га каршы эмделгендердин абалы жакшы

Кыска кабар | 30 Мар 2021 | 1002 | 0

COVID-19га каршы эмделгендердин баарынын абалы жакшы. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Ал кечээ Кыргызстанда эмдөө кампаниясы башталып, 100 жаран вакцина алганын айтты.

«Жалпысынан 100 адам эмдөөдөн өттү. Бишкек шаарында 42 (40 дарыгер, 1 мугалим жана 65 жаштан ашкан бир адам), Чүй облусунда 30 (29 дарыгер жана 1 карыя) адам, Ошто 28 дарыгер вакцина алды», — деди Айнура Акматова.

Акматова биринчи эмдөөнү Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев алганын эскертип, абалы башкалар сыяктуу эле жакшы экенин маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM