Биз менен байланышыңыз

Чек арадан өткөндөргө карата карантиндик чаралардын шарттары өзгөрдү

Кыска кабар | 22 Мар 2020 | 622 | 0

Кыргызстандын чек арасынан өткөн жактарга карата карантиндик чаралардын шарттары өзгөрдү.

Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлады.

Коронавирус инфекциясынын андан ары жайылышын болтурбоо үчүн Саламаттык сактоо министрлиги биринчи жана 2-категориядагы өлкөлөрдөн келген жарандарды 3 күнгө обсервация жайларына жөнөтүү чечимин кабыл алды.

Мындай чара өлкөдө өзгөчө кырдаал режимин киргизүүгө, ошондой эле чет жактардан келгендер ооруну жуктуруп алуунун жогорку тобокелчилик шарттарында узакка чейин жайгаштырылган жагдайга жана республикада, анын сыртында дагы коронавирустун жайылышынын учурдагы темптерине байланыштуу көрүлүп жатат.

COVID-19 коронавирусуна текшерүү таза жыйынтыктарын көрсөтсө, келген жарандар үй шарттарындагы карантинге жөнөтүлөт. Буга чейин Кыргызстанга келген жарандар коронавирустук инфекциянын клиникалык белгилери жок болгон учурда гана үй карантинине жиберилчү.

Copyright © 2017 Maral FM