Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Кыргызстандын аймагында өзгөчө кырдаал режими иштей баштады

Кыска кабар | 22 Мар 2020 | 952 | 0

Бүгүн, 22-марттан тартып, Кыргызстандын аймагында “өзгөчө кырдаал” режими иштей баштады. Мындай чечимди кечээ премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча өткөргөн кеңешмеде кабыл алды. Анда Коопсуздук кеңешинин сунушуна ылайык, 22-марттан баштап 1 айлык мөөнөттө өзгөчө кырдаал режимин киргизүү чечими кабыл алынды.

Планда борбор шаарда жана облустарда блокпостторду жайгаштыруу тууралуу маалыматтар белгиленип, күнүмдүк керектөө товарларын жана дары-дармектерди жеткирүү маршруттары, өлкө ичинде аба каттамдарын ишке ашыруу, коомдук унаалардын, азык-түлүк дүкөндөрүнүн жана дарыканалардын иштөө тартиби аныкталган.

Өкмөт башчы белгилегендей, Бишкек жана Ош шаарларына, ошондой эле вируска чалдыккандар аныкталган райондорго өзгөчө көңүл бурулушу керек.

Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны акыркы маалыматтар боюнча 14 кишиге жетти.

Copyright © 2017 Maral FM