Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги карантин: Көчөгө чыгуу үчүн кайсыл документтер керектелет?

Кыска кабар | 11 мая 2020 | 2280 | 0

Карантин жана өзгөчө кырдаал режими күчүндө турган кезде Бишкекке кирүү үчүн жарандарга керектүү болгон уруксат берүүчү жана башка документтер боюнча түшүндүрмө

1. Азыркы учурда иши уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүктөргө кирбеген жарандарга карантин убагында шаар ичинде негиздүү себептер менен жүрүүсү үчүн жанында чыгуу себеби жана бара турчу жери көрсөтүлгөн маршруттук баракчасы  болушу керек.

Эске салсак, азык-түлүк дүкөндөрүнө, дарыканаларга, медициналык мекемелерге баруудан сырткары, шаар ичинде жүрүү чектелген, анын үстүнө жаныӊарда өздүгүн тастыктоочу документ жана колго толтурулган маршруттук баракча алып жүрүү зарыл;

2. Уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүк чөйрөлөрдүн тизмесине кирген жарандарга, иштеген жеринен уюмдун катталган жери боюнча МСКнын райондук башкармалыгынын мөөрү же райондук башкармалыгынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн маалымкат алуу керек (байланышты азайтуу максатында бул документтерди алуу үчүн уюмдун жетекчилерине, башкы бухгалтерлерине кайрылуу керек);

3. Жеке ишкерлердин жанында патенти болуусу керек.

13-майга чейин уруксат берилген ишмердүүлүк чөйрөлөрүнө ишке тартылган адамдарга маалымкатты алуу жана тиешелүү мөөрдү койдуруу зарыл.


Комендатурадан берилген өткөрмө кагаздар жокко чыгарылды

Copyright © 2017 Maral FM