Биз менен байланышыңыз

Кубатбек Боронов: Өзгөчө кырдаал бул өзгөчө абалдан башка (видео)

Кыска кабар | 21 Мар 2020 | 599 | 0

Коопсуздук кеңешинин сунушу менен эртең, 22-марттан баштап Кыргызстан боюнча өзгөчө кырдаал киргизилет. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов киргизилгени жаткан өзгөчө кырдаал менен өзгөчө абалды алмаштырбоо керектигин айтып, анын жол-жобосун түшүндүрдү.

Өзгөчө кырдаалда атайын эпидемиялык иш-чаралар жүргүзүлөт. Бирок жарандардын жүрүм-туруму, кыймылына чектөөлөр өзгөчө абалга караганда жеңил болот. Экономикалык иш-чаралар, башка маселелер күнүмдүк турмушта улантыла берет. Ал эми зарылдыгы жок кайсы бир жакка чыгууга же болбосо эл көп чогулган жерге барууга тыюу салынат, — деди Боронов.

Эске сала кетели, 21-марттагы акыркы маалыматтарга карата Кыргызстандын аймагында коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 12ге жетти. Алардын 8и Сузак (Жалал-Абад облусу), үчөө Ноокат (Ош облусу) жана бир жаран Баткен (Баткен облусу) райондорунан катталган.

Copyright © 2017 Maral FM