Биз менен байланышыңыз

Словакияда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Окт 2020 | 359 | 0

Словакия өкмөтү коронавируска каршы күрөшүүнүн алкагында 1-октябрдан тарта өлкөдө өзгөчө кырдаал режимин киргизүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу премьер-министр Игорь Матович билдирди.

Буга чейин республикада 16-марттан 16-июнга чейин өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

1-октябрдан тартып словактар ​​беткаптарды  2 метрден ашык аралыкты басып өтүү күмөн болгон ачык жерлерде дагы кийиши керек. Элдик иш-чараларга 50дөн ашык адам катыша албайт.

Акыркы суткада Словакияда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетип, 567 адам илдет илештирди.

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 10 миңден ашуун, ал эми каза болгондордун саны 48ди түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM