Биз менен байланышыңыз

Эл аралык өзгөчө кырдаал режими дагы 3 айга узартылды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Авг 2020 | 4945 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген эл аралык өзгөчө кырдаал режимин дагы 3 айга узартты. Бул тууралуу ДСУнун Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетинин отурумунда белгилүү болду.

Комитеттин мүчөлөрү пандемия дагы деле болсо коомдук саламаттык сактоонун өзгөчө кырдаалы экендигине бир добуштан макул болушту.

Комитет ДСУнун башкы директору Тедрос Аданом Гебрейесеске бул режимди узартууну сунуш кылды. Гебрейюс өз кезегинде макул болду.  Башкы директордун чечими менен комитет жакынкы 3 айда кайрадан чакырылат.

Жолугушууда ДСУнун лидери жаңы пандемия боюнча: «100 жылда бир болуп туруучу кризисти чагылдырат жана анын кесепети ондогон жылдар бою сезилет», — деди.

Гебрейюс айткандай, учурда көптөгөн көйгөйлөр чечилди, бирок дагы деле чечилиши керек болгон маселелер бар.

Комитет Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна пандемияга каршы күрөштө эл аралык жана аймактык уюмдарды координациялоону жана мобилизациялоону, мамлекеттерге коронавирус менен күрөшүүдө жардам берүүнү жана коронавирустун келип чыгышын аныктоо боюнча илимий изилдөө иштерин тездетүүдө көмөк көрсөтүүнү сунуш кылды.

Бул жолугушуу пандемия башталгандан бери 18 эксперт жана 13 консультанттан турган ДССУнун өзгөчө кырдаалдар комитетинин 4-отуруму болду. Анын максаты дүйнөдөгү пандемиялык көзөмөлдүн учурдагы абалын баалоо жана вирустун жайылышын натыйжалуу тескөө боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

Мурунку жолугушуулар 22-23-январда, 30-январда жана 30-апрелде болуп өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM