Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

Кыска кабар | 13 Июн 2020 | 629 | 0

13-16-июнда Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Ага ылайык, 14-июнда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Абанын табы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;

Талас дубанында түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын табы түнкүсүн 15…17, күндүз 31…33 градус жылуу болот.

Copyright © 2017 Maral FM