Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү! Эртеңден тарта абанын температурасы төмөндөйт

Кыска кабар | 6 Фев 2021 | 1039 | 0

Эртең, 7-февралда эртең менен, күндүз жана 8-10-февралдарда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жааайт. 8-февралда жана 9-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан катуу жаашы мүмкүн.

9-февралда зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. 7-9-февралдарда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Copyright © 2017 Maral FM