Биз менен байланышыңыз

29-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 28 Июн 2021 | 332 | 0
Автор: Зафер Динжер

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 29-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;

Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38;

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38;

Нарын дубанында түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28.

Бишкекте 29-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 34….36 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM