Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 29-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;
Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 31…36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38;
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38;
Нарын дубанында түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28.
Бишкекте 29-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 34….36 градус болот.