Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 27-мартта көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Кыска кабар | 26 Мар 2021 | 767 | 0
Автор: Айпери Жумабай кызы

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 27-мартта күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14;

Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +9…+14;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +16….+21;

Бишкек шаарында түнкүсүн  жаан-чачын күтүлөт, күндуз күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +16…+18 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM