Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн тургуну коронавируска кабылганына байланыштуу райондун акими Каланбек Маркаевдин буйругу менен Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айыл аймактарына өзгөчө кырдаал тартиби киргизилди.
Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.
Акимдин буйругуна ылайык, бул айыл аймактарга блок посттор коюла баштады.
Бүгүн, 21-мартта Баткен облусунда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталган. Ал жаран Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну. Анын Умра зыяратына барып келгени белгилүү болду. Жалпысынан Кыргызстанда бул вирусту жуктургандардын саны 12ге жетти.
Айзат
21.03.2020 14:55
Кудайым озу сактасын Элдер кочого чыкпай уйундо отурушсун озубузду озубуз сактайлы кудайым да сактайт