16-март күнү белгилүү актер жана режиссер, Кыргыз Республикасынын эл артисти Эгемберди Чалабаев кызы Эл-Айды кыргыздын каада-салты менен турмуш жолуна узатты. Эл артистинин күйөө баласы кино тармагында жүргөн таланттуу актер жана шоумен Анвар Осмоналиев болду. Актер Анвар Осмоналиев «Асман алдында» тасмасында, орусиялык «Идентификация» сериалында роль жараткан.