Биз менен байланышыңыз

Пандемияга байланыштуу АКШ жарандарын салыктан бошотту

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Мар 2020 | 743 | 0

Америкада майда жана орто бизнес менен алектенген жарандар 3 айга салыктардан бошотулду. Мындай маалыматты Ак үй жарыялады.

Мындай чечим АКШ бийлиги тарабынан коронавирус эпидемиясы жаратуучу каржылык зыяндардын алдын-алуу максатында кабыл алынган.

Ошондой эле, АКШ президенти Дональд Трамп майда бизнести көзөмөлдөгөн башкармалык ишкерлерди каржы тарабынан колдоого аларын айткан. Арзан насыяларды берүү каралган.

АКШ лидери парламентке бизнес үчүн берилүүчү насыяны 50 миллиард долларга чейин көбөйтүү өтүнүчүн билдирген.

Ошондой эле, коронавирус жуктургандарга жана эпидемиянын курмандыгы болгондордун жакындарына кошумча каржылай көмөк бөлүнөрүн кошумчалаган.

Учурда АКШда 3766 адам коронавирус менен катталган, анын 69у каза болгон.

Белгилей кетсек, 11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөгө коронавирусту пандемия деп жарыялады.


Казакстан ишкерлерди колдоо үчүн 300 млрд теңге бөлөт

Copyright © 2017 Maral FM