Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Коронавирус коркунучу бизге да жакындады

Кыска кабар | 16 Мар 2020 | 1508 | 0

Коңшу өлкөлөрүбүз Казакстан менен Өзбекстанда коронавирус жуктурган учур катталды. Биз аталган өлкөлөр менен эң көп байланыш түзөбүз. Ошондуктан бул коркунуч бизге да жакындады. Бул тууралуу Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 16-мартта өткөн маалымат жыйында билдирди.

Биз менен абдан көп катышы бар эки өлкөдө коронавирус катталды. Жүздөгөн, миңдеген адамдарыбыз күнүнө Өзбекстанга кирип чыгат. Өзбекстандын жарандары бизге, туугандарына келет. Негизги өнөктөшүбүз болгон Казакстандан да канчалаган транспорт каражаттары кирип чыгат, — деди Өкмөт башчы.

Ошондой эле, ал чек ара аймактардагы өткөрмө пункттарда жана авиа каттам, авто жол, темир жол менен кирген жарандарды медициналык жактан текшерүү күчөтүлө турганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM