Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Казакстанда өзгөчө кырдаал киргизилди

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Мар 2020 | 3323 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коронавируска байланыштуу өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул туурасында Tengrinews.kz. агенттиги жазды.

Жарлыкка ылайык, өзгөчө кырдаал 16-март саат 08.00дөн тарта 15-апрель саат 07.00гө чейин уланат. Ооруну жайылтпоо үчүн мамлекеттик комиссия түзүлөт.

Ошондой эле, Касым-Жомарт Токаев өзгөчө кырдаал учурунда жалпы коомдук көзөмөлдү, мамлекеттик жана стратегиялык маанилүү объектилерди жана жалпы коомдук транспортту көзөмөлгө алууну күчөтүүнү тапшырды.

Мындан сырткары, ири соода борборлорун, көңүл ачуучу борборлорун, кинотеатрлардын ишине чектөө киргизүү керектигин жана ар түрдүү көргөзмөлөрдү өткөрүүгө тыюу салынарын айтты.

Казакстандын аймагына чет өлкөлүктөрдү кабыл алуу жана Казакстандын аймагынан транспорттун баардык түрү менен чыгууга (дипломатиялык кызматкерлерден башка) чектөө киргизилди.

Казакстанда COVID-19 аныкталган биринчи учур 13-мартта катталган. Алгач ооругандар экөө болсо, бүгүн алтыга чейин өстү.

Copyright © 2017 Maral FM