Биз менен байланышыңыз

Казак Парламентинин төрайымы Дарига Назарбаева Кыргызстанга келбей калды

Кыска кабар | 13 Мар 2020 | 477 | 0

Казакстан парламентинин Сенатынын төрайымы Дарига Назарбаеванын 16-17-мартка мерчемделген Кыргызстандагы расмий иш сапары кийинкиге жылдырылды. Мындай чечим эки өлкө Парламент жетекчилери Дастанбек Жумабеков менен Дарига Назарбаеванын телефондук сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Парламент жетекчилери Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө жүзү боюнча коронавирус пандемиясын жарыялагандыгынан улам, боордош эки өлкөдө илдеттен сактануу багытында көрүлүп жаткан чараларга ылайык пландалган сапарды жылдыруу керектигине токтолушту. Ошондой эле, бир тууган эки элдин саламаттыгын тилөө менен калыптанган достук мамилени өнүктүрүү багытында сүйлөшүштү. Мындан тышкары, телефондук баарлашууда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты жигердүү улантуу зарылчылыгы белгиленди.

Ошону менен бирге депутаттык достук топторунун деңгээлинде да тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу сөз болду.

Copyright © 2017 Maral FM