Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 14 күндүк обсервацияга алынган 303 жаран бар

Кыска кабар | 13 Мар 2020 | 1373 | 0

Кыргызстанда учурда 14 күндүк обсервацияга алынган 303 жаран бар. 181 адам өзү жашаган жеринде медициналык көзөмөлдө турат. 1545 адамдан коронавируска каршы тест алынып, баары терс деген жыйынтык көрсөттү. Биринчи категорияга кирген өлкөлөрдөн келген жарандар толук кандуу обсервацияга жатышат. Кыргызстанда учурда 23 санитардык пункттар иштеп жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйынында билдирди.

Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, Кыргызстанда коронавирус жуктурган бир дагы учур каттала элек. Ошондой эле «Саламаттыкты сактоо министрлиги катталса деле жашырып жатат» деген ар түрдүү маалыматтар калп. Эпидемиологиялык абал туруктуу.

Мындан сырткары коронавируска байланыштуу чыккан мыйзамдар бардык жарандарга бирдей аткарыла турганын кошумчалады.

 

Copyright © 2017 Maral FM