Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Коронавирустун айынан экономика жоготууга учурайт, бирок ден соолук маанилүү

Кыска кабар | 13 Мар 2020 | 1285 | 0

Коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында киргизилген чектөөгө байланыштуу ата мекендик экономика жоготууга учурайт. Бирок биз үчүн калктын ден соолугу маанилүү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясынын тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган эки Республикалык штабдын ишин талкуулаган кеңешмеде билдирди.

Биз коронавирус инфекциясынын Кыргызстанга жайылышына жол бербөө боюнча зарыл чараларды кабыл алдык. Эки республикалык штаб түзүлдү. Өлкөнүн көзөмөл-өткөрүү жайларында текшерүү күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Эпидемиологиялык жагдайы кооптуу болгон өлкөлөрдөн келген бардык жарандар 14 күндүк карантинге жаткырылууда, — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу бизнести өнүктүрүүгө көңүл буруу зарылдыгын баса белгиледи.

— Азыр сырьёнун запасы бар, бирок ташуулар качан жана кандай жол менен калыбына келери белгисиз. Мында биздин кемчилдиктерди аныктоого гана эмес, өз өндүрүшүбүздү башынан баштоого аракет кылуу мүмкүндүгү пайда болду, — деди премьер-министр.

Премьер-министр министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлеринин инфекцияны жуктуруу тобокелдиги бар чет өлкөлөргө болуучу бардык иш сапарларын токтотууну тапшырды. Чет мамлекеттерге сапарлар мамлекеттин маанилүү иш-чаралары боюнча гана жана эпидемиологиялык кырдаал дурус өлкөлөргө гана жасалууга тийиш.

Copyright © 2017 Maral FM