Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө бардык мечиттер коронавируска карата дезинфекцияланууда

Кыска кабар | 11 Мар 2020 | 606 | 0

Бүгүндөн тарта республикадагы бардык мечиттер, диний окуу жайлардын имараттары дезинфекциялана баштады. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди. Бул кадам коронавирустун жайылуусун алдын алуу максатында ишке ашырылууда.

Мунун алкагында бүгүн Бишкек шаарынын борбордук мечитинде Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери келип дезинфекциялоо иштерин жүргүзүштү.

Бишкек шаарында жалпы 68 мечит болсо, алардын баары кезек-кезеги менен күнүнө 2 жолу дезинфекцияланат.

Эскерте кетсек, Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгы өлкө аймагындагы казыят, хатибият, мечит, медресе жана окуу борборлоруна жума намаздарында, сабактарда коронавирустун алдын алуу жолдору боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM